Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстан

Китептин бет ачары 13-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Ага Алым Токтомушевдин замандаштары, бир кездеги кесиптештери жана анын талантын сыйлаган окурмандары катышты.

“Жолбүгүн” мындан 15-20 жылдай мурда Алым Токтомушевдин “Асаба”, “Агым” гезиттериндеги атайын рубрикасы болчу. Саясат, экономика, кээде дүйнөлүк окуяларды да анализдеп жазып турчу. Гезиттин окурмандары көп эле. Алардын ичинен Алым Токтомушев жазгандарды күтүп окуган өзүнчө катмар бар болчу.

Ал макаланын баарын китепке сыйдыруу оңойго турган эмес. Дегеле архивдеги чаң баскан гезиттерди бирден барактап, ксеро көчүрмөдөн өткөрүп, кайра тердирүү канча деген мээнетти, анан калса каражатты да талап кылат эмеспи.

Бул иштин баарын бир кезде Алым Токтомушев менен “Асаба”, “Агым” жана “Алас” гезиттеринде иштешкен Аскер Сакыбаева аркалаган.

“Акыркы эки-үч жылда тынымсыз иштедим десем болот. Тандап, ылгап, азыркы күнгө ылайыктадым. Өмүрүмдө биринчи жолу китеп чыгаргандыктан, коомдун бардык катмарына кызыктуу болсун, ким эмне издесе ошону тапсын деп ойлодум. Себеби, экономика менен саясатты алсак, башка тарап калат. Алым байке көп кырдуу адам болчу. Ошонун баарын камтыганга аракет кылдым. Анан китепти жаңы баштаганда азыркыдай кымбатчылык эмес эле, биз кагаз алган өлкөлөр согушпай турган мезгил эле. Кийин тапкан каражатым жетпей калды. Быйыл гана жыл башында Нурланбек Тургунбек уулунун, Мирлан Самыйкожонун, Төлөгөн Сулаймановдун жардамы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан акча бөлдүрүп чыгардым да. Топтогон материалдардын жарымы батпай калды. Элдин маанайынан көрдүм, дагы чыгарсак болот экен. Бул эми окуй турган муун үчүн. Ал эми жаштар үчүн электрондук китеп чыгаруу дагы ой бар. Китепти түзүүчүнүн түйшүгү оор болот экен. Бирок эми мен жасабасам, ким жасайт? Кийинки муун андан бетер жасабайт. Себеби, окуган эмес. Ошону аткарып, чыгарып койгонду адамдык парзым деп эсептейм”.

Аскер Сакыбаева жана адабий кеченин коноктору. 13-декабрь.
Аскер Сакыбаева жана адабий кеченин коноктору. 13-декабрь.

Кесиптештеринин айтымында, Алым Токтомушев макала жазарда бала кезинен берки досу, белгилүү экономист Айылчы Сарыбаевге кайрылып, кеңеш сурап турчу экен.

Айылчы Сарыбаев эгемендик жылдары экономиканы кыйроого алып келген саясатка нааразылык “Жолбүгүн” аркылуу жаңырып турганын эскерди:

Айылчы Сарыбаев.
Айылчы Сарыбаев.

“Чынын айтыш керек. Жашоо оңой болгон эмес. Канча кооптуу окуялар болду. “Өлтүрүп коеюбуз” дегенге чейин баргандар болду. Алыкем кээде мен жазган макаланын кээ бир жерлерин чийип койчу. “Сен минтип айтпагын, андан көрө мен айтайын” дечү. Өмүрүн тобокелге салып, оюн ачык айтуу көп кишинин колунан келбейт. Алымдын журналист болуу оюнда жок эле. Аны журналист кылган мамлекеттин тагдыры, элибиздин тагдыры болду. Ошонун баарын түшүнүп туруп унчукпай коюу күнөө экенин сезди. Мен дагы айтпай эле коеюн десем, бир профессор менен жолдош элек “билип туруп айтпаган нерсе күнөө болот” деп калды. Ушул күнгө чейин көп эле нерсени айткың келет, ай аттиң деп унчукпай тим болосуң. Мелисти (Эшимканов-ред.) дагы айта кетиш керек. Мелистин орду биздин коомдо өтө чоң. Баланча жерден минтип акча таап келди, түкүнчө жерден муну алып келди, анан бизди чогултту деп көп айтаар эле. Мелистин мектеби десек болот, Алымдай журналисттерди чыгарды”.

Алым Токтомушев “Жолбүгүнгө” жазган саясий-экономикалык макалалар Кыргызстан эгемендик алган жылдары басып өткөн оош-кыйыштардын, ошол кезде бийлик кабыл алган жаңылыш чечимдерди документтештирген далил да болуп калды.

Венера Сайпидин
Венера Сайпидин

Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин алар күнү бүгүнкүгө чейин актуалдуулугун жоготкон жок деп эсептейт. Мындан тышкары адабий-маданий темадагы маектери да орчундуу маселелерди камтып турарын белгиледи.

“Анын макалаларындагы саясий-экономикалык, социалдык, философиялык ой толгоолору азыр да актуалдуу. Мындан отуз жыл мурда айткандары азыр деле маанисин жоготпогонун көрө алабыз. Миссионер катары алдын ала көрө алган, эгемендик алгандан кийин кыргыз мамлекетинин өнүгүү багыттары кандай жол менен кетиши керек деп ой жүгүрткөнү туура болгонун бүгүн көрүп турабыз. Алым Токтомушевдин аналитикасынын дагы бир күчтүү жагы жөн гана жоргологон кара сөз эмес, аргументтер менен, фактылар, цифралар менен документалдуу түрдө далилдеген экен. Дагы бир өзгөчөлүгү ошол кездеги экономикадагы, саясаттагы либерализмдин, демократиянын принциптерин жайылтуудагы булактарга шилтеме бергени. Мисалы, орус саясатчысы, диссидент В.Розановдун, Принстон университетинин профессору Коэндин макалаларына же “Коммерсант” баштаган булактарга таянуу менен ошол кездеги кыргыз коомунун акыбалын, башкаруу бийлигинин менталитетинин өзгөчөлүгүн анализдеп, курч ойлор менен берген экен”.

Соңку жылдары кыргыз журналистикасы олуттуу өзгөрүүгө учурады. Бирин-экин эле гезиттер болбосо, калгандары жабылып же онлайнга ооп кетти. Анткен менен Алым Токтомушевдин интеллектуалдык мурасы жаш журналисттерге үлгү бойдон кала берет.

Филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаева бул интеллектуалдык мурас журналистика факультеттери үчүн окуу куралына айланышы керек деген пикирде.

Үмүт Култаева.
Үмүт Култаева.

“Алым Токтомушев абдан чоң интеллектуал болуптур. Окурмандык тажрыйбасы, изденүүсү, ар бир сөзүн белгилүү аргумент менен айтканы жакты. Китепте Токтомушев "Достоевский жакырчылыкта өтүптүр, бүгүнкү жакырчылык бизге эмне берет?" десе, Кубатбек Жусубалиев “Мухаммед пайгамбар "Жакырдыгым - байлыгым" деп айткан. Адамзаттын эң негизги окутуучусу – жакырчылык” деп жатпайбы. Ушунун өзүндө эле эмне деген ой жатат? Китепти толук окуп чыгып, андагы ойлорду Адабий курста айтсам, ал жерде окугандар таасирленип жатышат. Бул китепти журналистика факультеттеринде окуу куралы катары киргизүү керек. Анткени ал журналистиканын аяр, кылдат сырларын үйрөнүү үчүн керек. Токтомушев кандай деңгээл, кандай билим менен ар бир адамга жолуккан сайын анын коомдогу ишин, ордун эске алып ошого жараша суроо берип жатпайбы. Жалпы эле адабият чөйрөсүндө жүргөндөр үчүн китептин баасы өтө жогору”.

"Алым мыкты акын болчу"

Китепте кыргыз маданиятында өз чыйыры бар Аман Токтогулов, Кадыркул Даутов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев ж.б. менен адабият, коом бараткан багыт, адамзаттык баалуулук жөнүндөгү маектери да камтылган.

Жазуучу, публицист, философ Чоюн Өмүралиев “Кыргыз поэзиясындагы” үч сабак” аттуу китеп жазган. Анда кыргыз совет поэзиясынын үч муунун Аалы Токомбаев, Омор Султанов жана Алым Токтомушевдин мисалында бергенге аракет кылганына токтолуп, буларды айтты:

Чоюн Өмүралиев.
Чоюн Өмүралиев.

“Алымды мен 1968-жылы шаарга келгенден бери билем. Ошондон бери 60ка жуук жыл өттү. Барып жатып калабыз, бир аз уктап алат да, анан макала берет элем деп отурат. Эртең менен карасаң бул жакта кагаздар жыйылып калат. Кайсы макалалары, кайсы саптары качан жазылганы бизге белгилүү да. Жыргаганыман жылкы бактымбы дегендей, Алым айла жоктон эле замандын талабы, көйгөйү тартып отуруп журналист болуп кетти. Болбосо, поэзияда 60-жылдары Омор, Рамистерден кийинки экинчи толкун бар да. Табылды Муканов, Роза Карагулова, Сагындар, Шербеттер. Алым ошол муундун эң белгилүү өкүлү. Ошонун ичинен Алымдын өз орду бар. Өтө окумал адам эле. Батыш поэзиясын, орус поэзиясын түбүнө чейин изилдеп, которуп окуган акын эле да. Ошентип отуруп өзүнө талапты жогору коюп алып жазбай калган да. Сиздер окуган ырлары отуздун ары-берисинде эле жазылган. Бирин-экин ырларын кийин жазды. Котормого кирип кетип, “Фаусту” котором деп тиш салды. Болбосо, “Фауст” деген эмне айланайын? Европанын мыкты акындарын которду. “Агымда” иштеген жылдары Кубатбек Жусубалиевди ачты. Болбосо, Кубатың киши менен сүйлөшпөйт да. Мурза Гапаровду кандай терең ачып жатты. Эгер адабияттын өзөгүнөн кайнап чыкпаса, андай ача албайт да. Ошонун баарынын тилин таап, тамырын тартып, сөздү чубай билип, суроосун берип, ачып жазып калды. Мурза Гапаров өзү деле биографиясын жазган жок мен билгени, изилдегендер деле жок. Бирок Алымдын Мурза Гапаров жөнүндө жазгандары Мурза дей тургандай материалдар да”.

Чоюн Өмүралиев “Алымдын сабагы” деген маселе турганын, азыр 1920-30-жылдардагы тарых изилденгендей, Эгемендик алган 90-жылдар дагы кийин изилденерин, ошондо Алым Токтомушевдин жазгандары кийинки муунга замандын оош-кыйышын терең түшүнүп, портретин тартканга жардам бере турганын белгилеп өттү.

Кыргыз Эл артисти, коомдук ишмер Түгөлбай Казаков “Асаба”, “Агым” андан кийин “Алас” гезиттеринде Алым Токтомушев менен чогуу иштеген. Ал кесиптеши сөз менен кылдат иштеген, бир макаланы ийине келтирмейинче жарыялабаган сапатына токтолуп өттү. Аз бирок жаз жазган күчтүү акын болгонун айтты.

Түгөлбай Казаков.
Түгөлбай Казаков.

“Аалыке эмне үчүн ыр жазбай койду? Аалыке акын болуп туулган. Таланттуу адам кайсы кесипке барбасын мудаа кылып жасайт экен да. Журналистиканы алып кетти, экономикага кирбейм деп жатып аны алып кетти. А бирок бул акын болуп туулган да. Жолдоштордун бири каза болгондо бир куплет ушинтип жазды.

Тиленип тийбей калган батасыңар,

Тирелип ар кай жерде жатасыңар.

Ар бириң кеткен сайын ойлой берем,

Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Аалыкенин көөнөрбөй турган ыры бул “Көл түнү” да. Эмне деген керемет... Ага ар ким обон чыгарды. Бирок тексттин деңгээлинде обон чыгарыш кыйын. Мен көп жыл карап жүрүп билдим, тексттин өзүнө шайкеш чыгара албайт экем. “Паризат” деген ыр бар экен. Анын текстин ким жазганын билбейм. Аалыкемдикин ушуга салбайлыбы деп ошону “Асабанын” гимни кылып ырдап жүрдүк. “Карарган деңиз, агарган толкун” мыкты да. Аалыке бир ыры менен эле кыргыз поэзиясынын тарыхында калмак. Жазбай койду да. Аман Токтогулов экөө аябай көп сүйлөшчү да. Экөө жазсак, 35 жашка чейин жазабыз, андан кийин дүйнөгө чыкпасак токтотобуз деп сүйлөшсө керек, мен ушинтип шекшип калдым. Экөө тең поэзияны токтотуп коюшту. Себеби, булар өзүнө талапты бийик коюп алышкан экен да. Аалыкеден бир жолу улуу кишилерди көп көрүп калбадыңызбы, жазып бербейсизби деп жазуучу Жоробек Султаналиев тууралуу суранып жаздыргам. Ошондо Аалыке эссе жазуунун жогорку чеберчилигин көрсөткөн да. Пастернакты жакшы көрчү, Зощенкону окуй берер эле. Булардын эмне байланышы бар, буларды эмнеге такай окуп отурат деп таң калчумун. Кийин ойлосом, Борис Пастернак поэзиядагы анын ориентири экен, Михаил Зощенко бул адам турмушундагы адам байкабагандарды, адам көрбөгөндөрдү жазган акын экен. Аалыке ошону жакшы көрүп, “Жолбүгүндө” ошол эле экономика, ошол эле менчиктештирүүдөгү башкалар байкабаган, башкалар көрбөгөндү байкап, макалага батырып койчу.

Түгөлбай Казаков жана Чоюн Өмүралиев.
Түгөлбай Казаков жана Чоюн Өмүралиев.

Эске сала кетсек, Алым Токтомушевдин жубайы Шербет Келдибекованын да кыргыз поэзиясында кайталангыс орду бар.

"Алым агай жөнүндө чыгармам бүтө элек"

Кечеде Алым агайдын саясат менен экономиканы жазып калышына “Асабаны” ачып, журналисттерди таруудай иргеп, чогулткан Мелис Эшимканов да себеп болгону көп айтылды.

Бир кезде Алым Токтомушев менен бир иш бөлмөдө отурган жазуучу Мамат Сабыров публицистиканын өмүрү кыска болорун, бирок кесиптеши ага жан киргизип жазганы үчүн "Жолбүгүн" бүгүн да окула берерин белгиледи. Ал Алым Токтомушев жөнүндө бир повести жазылып бүтпөй келе жатканын кошумчалай кетти.

Мамат Сабыров.
Мамат Сабыров.

“Алым байке экөөбүз “Асабада” көп жыл иштештик. Кийин мен башкы редактор болгондо ал менин орун басарым болуп, экөөбүз бир кабинетте отурдук. Маңдай-тескей отуруп, кобурашып, өткөн-кеткенди көп сүйлөшөт элек да. Алым байке кайтыш болгондо ошолордун баарын жазгым келдим. Отурдум да жаза албай койдум. Эми күнүнө үч-төрт макала жазган, гезитте кырк жылга жакын иштеген киши чакан эскерүү жаза албай койгонуна ишенесиңби? Сокку болду да мага. Чындап эле повесть жазайын деп жазып жүргөм да. "Алым байке, ушул поветти сизге арнап жазып атам" дедим. "Койчу" деп күлүп койгон. Бирок ошол эсинде калыптыр. Унчукпай жүрүп, акыркы жолу ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдын жанынан жолуктук. Себеби, бир гезитке аңгемемди чыгарып, өзү жарыктык көтөрүп келиптир сүйүнчүлөп. Коштошуп баратканда, токтоп туруп, "Баягы аңгемең эмне болду?" деп сурап жатпайбы. Болуп атат, болуп атат деп койдум. Же ошону айтпай койбой, же жазып бүтүрө албай койгонума армандамын. Азыр деле бүтө элекмин. Себеби, Алым байкенин өмүрү, тагдыры татаал да. Ошол жөнүндө болчу. Алым байке айтып берген өмүрүндөгү урунттуу нерселерди киргизгем. Экөөбүз маңдай-тескей отурганда эч кимге айтпагандарын мага айтчу. Жетим өскөн, таенеси баккан. Кубат акени (Жусубалиев-ред.) чоң энеси баккан. Экөөнүн тагдырында бир окшоштук бар да, ошон үчүн да экөө тагдырлаш болуп көп сүйлөшсө керек. Кудай буюрса, ошону жазам. Алым байке укмуш жоопкерчиликтүү киши эле. Отуруп жазат. Бир маалда туруп ары-бери баса баштайт. Эгер өзү канааттанбай калса, макаласын эптеп эле чампалап берчү эмес. “Бышпай жатат” деген сөзү бар эле. Бирок кийинки санга ийлеп туруп берчи. Публицистиканын өмүрү кыска болот. Алым байке ошол нерсеге жан берип, түбөлүктүү кылып койду да. Андан бери канча суу акты, кээ бири оңолду, кээ бири жок болду. Ошого карабай "Жолбүгүндү" бүгүн деле окуй бересиң”.

Дагы бир кесиптеши Сүйүн Курманова Алым Токтомушев далай журналисттин макаласын чырайына чыгарган мыкты редактор болгонун белгиледи.

“Алым байке “Асабага” бизден кийин келди. Ага чейин “Кыргызстан маданиятында” иштеп жүргөндө билчүбүз. Мыкты акын катары таанычубуз. Журналистикага келгенден тарта экономикалык анализдерди жаза баштады. Алым байкенин өзгөчөлүгү, өтө олуттуу татаал маселелерге юмор кошуп жазчу. Интеллектуалдык юмор өтө таңсык нерсе да. Айтып жаткан маселесин эл жеңил кабыл алчу. Кийин бир нерсени байкап калдык. Алым байкенин жазганынан эч кынтык табылчу эмес. Бир учур болгон, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер ишин “Асабаны” окуудан баштачу экен. Алым байкени кийин Мелис орун басар кылып дайындады. Абдан тамашакөй киши болчу. Летучкада Мелистен тил уккандан кийин кабинетте тунжурап отурсак, “эки далынын ортосу чып дей түштүбү?” деп тамашалап калчу. Анан нукуралуулукту жакшы көрчү, жасалмалуулукту, калты өтө жаман көрчү. Макалада кенедей калп болсо да өткөрчү эмес. Жаш журналисттер жазган макалаларды карап отуруп, катасы аябай көп болсо барактарды барпыратып бөлмөгө ыргытып жиберчү, ачуусу келип. Ошондон эле жүрөгүбүз түшүп, макаланы ийлеп жазчубуз. Ошол эле кезде акын катары жумшак киши болчу. Дирилдеген, агалык кылып колдой билген адам эле. Таланттарды сыйлаганга, баалаганга кыйын киши болчу. Бир өкүнүп калган жайым бар. 8-мартты редакцияда белгилеп, Алым агай экөөбүз чогуу чыгып калдык. Анан бир нерсени айтайын деп жатканда автобус келип калып түшүп кеттим. Ошону эстеген сайын, азыркыга чейин өкүнө берем. Автобус келбей калчудай болбой, уксам болмок экен. Себеби, бул киши оңой менен чечилип, оңой менен бир нерсе айтчу эмес”.

Алым Токтомушев учурунда далай жаш журналисттерге, жаш акындарга багыт көрсөттү. Жазганды, сөз менен иштегенди үйрөттү. Агалык кеп-кеңешин уккан акындардын бири Алтынбек Исмаилов "Жолбүгүндүн" ачылышында алып баруучу болду.

"Алым Токтомушевдин станогунан чыккан ар бир текст адамды тамшандыргандай жазылчу. Орус адабиятын аябай жакшы билип, кан-жанына сиңирип окучу. Жогорку деңгээлдеги ырларды жазчу. "Манас" университетинде устатым Салижан Жигитов далай жолу алып келип, сүйлөштүргөн эле. Жөнөкөйлүгү, чин-даража, кызмат, орден-медалга, өзүнүн кечелерин, мааракелерин, китебинин бет ачарын өткөрүүгө такыр кызыкпаган, ушунчалык жөнөкөй, карапайым, гений инсан болчу. Мага сөз менен иштегенди сунуштачу. "Бир жазган ырыңды эч жерге чыгарба, сөзсүз ийлеп, качан гана өзүңө жакканда, бышканда жарыяла" деп көп айткан эле".

Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районундагы Кайырма айылында туулган. 2014-жылдын 24-июлунда 67 жаш курагында каза болгон.

Узак жылдар бою басма сөз жаатында эмгектенип, "Кыргызстан маданияты", “Нуска”, “Асаба”, “Агым”, “Апта”, “Алас” гезиттеринде, “Жетимен” журналында эмгектенген. Анын “Жолдогулар”, “Эски дептер” аттуу ыр жыйнактары, “Салижан Жигитовдун сабактары”, "Ачылбаган дүйнө" жана “Балдарга базарлык китеби” аттуу китептери жарык көргөн. Токтомушев Пушкин, Саади, Лермонтов, Пастернак, Рильке, Тардьенин чыгармаларын кыргызчалаган.

Кыргызстандын өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Макалага тиешеси жок
Кыргызстандын өкмөт үйү жана сом. Коллаж. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт. Макалага тиешеси жок

Өлкө бюджети эмненин эсебинен өсүп жатат? Экономиканын арышы пайдасын бардык катмарга текши берип жатабы?

2025-жылдын республикалык бюджети менен 2026-2027-жылдарга божомолдорду карап жаткан жыйында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев бириктирилген бюджет быйыл бекитилген көлөмдөн бир жарым эсеге ашыра аткарылганын билдирди.

“Өлкө экономикасынын ички дүң продукциясындагы өсүүлөр, албетте, бюджетибиздин өсүшүн шарттайт. Мына, бүгүн биз 2025-жылдын консолидацияланган (бириктирилген) бюджетин карап жатып, анын 1 трлн 90 млрд 600 млн сомдон ашканын расмий түрдө жарыялайбыз. Жана 2025-жылы триллиондук тарыхый чекти басканыбызды белгилейм. Бекитилген консолидацияланган бюджет 708,8 млрд сом болчу. Азыр 381,7 млрд сомго өсүү же 153,8% көбөйүшү менен жылды жыйынтыктаганы жатабыз. Киреше жана чыгашаларды эсептегенден кийин 10 млрд сомдон ашык профицит менен бул жылга чыгабыз”.

Кыргызстандын 2025-жылга республикалык бюджети
Кыргызстандын 2025-жылга республикалык бюджети
  • Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин өзөгүн салык жана бажы жыйымдары түзөт.

Салык кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын он айында 310 млрд 400 млн сом салык жыйналган. Бул быйылкы он айга коюлган пландан 4,3%, ал эми былтыркы көлөмдөн 30,9% ашык деп эсептелет. Салыкчылар мындай жыйынтыкты салык төлөөчүлөр базасын кеңейтүүдөн, ишти санариптештирүүдөн жана ыктыярдуу салык төлөө деңгээлин көтөрүүдөн деп түшүндүрүүдө.

2025-жылга Бажы комитетинин кирешеси 128 млрд 431,7 млн сом деп болжолдонгон болчу. Комитет ноябрдын ортосуна карай жылдык планды толук аткарганын жарыялады.

Бажычылар болсо мындай жыйынтыкты бажы процесстерин жөнөкөйлөтүү жана тездетүү боюнча комплекстүү иштерге, бажы пункттарынын өткөрүү жөндөмүн арттыруу, санариптештирүү жана аткезчилик менен күрөшүүгө байланыштырышат.

"Бюджеттин киреше булактары жакшырууда"

Консолидацияланган же бириктирилген бюджетке республикалык бюджет, жергиликтүү бюджеттер, Соцфонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери кирет.

Финансы министрлиги берген маалыматка абай салсак, январь-октябрь айларында республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылган суммасы 550,6 млрд сомго жеткен. Социалдык фонддун 2025-жылга бекитилген бюджетинин көлөмү 120,5 млрд сом болсо, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 8,3 млрд сом болчу.

Быйыл мамлекеттик бюджеттин рекорддук көлөмдө байышына негиз берген жагдайлар көп болду. Финансы министрлигинин бюджеттик документтерине көз чаптырсак, өкмөт быйыл он айда чет өлкөлүк өкмөттөрдөн 1 млрд 343 млн сом, эл аралык уюмдардан 10 млрд 688 млн сом трансферт алган. Алар бюджетте так көрсөтүлүп турат. Муну менен катар мамлекеттик баалуу кагаздар аркылуу ички булактардан 120 млрд сомдой, евробонд аркылуу чет элден 700 млн доллар карыз алган. Улуттук банк да 2024-жылы тапкан 45,7 млрд сом кирешесин чыпчыргасын коротпой бюджетке которуп берген. Улуттук коопсуздук комитети коррупцияга каршы күрөштүн алкагында алынган каражаттар менен мүлктөрдү мамлекеттин пайдасына чегерип келет.

Бирок алардын “өсүп жаткан” бюджеттин курамына кирген-кирбегени белгисиз. Бюджет мыйзамынын долбоорунда алар тууралуу сөз болгон эмес.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев ички жана тышкы булактардан алынган карыздар тийиштүү процедуралардан өтсө бюджеттин киреше булактары катары көрсөтүлөрүн белгилейт.

“Бюджеттин негизги булагы, 70-80% – бул деген санариптештирүү, салык жана чек арадагы кирешелер кескин көбөйгөн ушул жылдары. Узак убакытка абдан жакшы иш-чара болгон, көмүскө экономика 23% азайтылган. Албетте, бюджеттик төлөмдөр көбүнчө салык аркылуу түшүп атат. Калган 20% ичинде өндүрүш, кен казуу бар, Улуттук банктын кирешелери бар, анын кирешеси 8% деп эсептелет. Эң көп реэкспорттун төлөмдөрү болду деп эсептесе болот. Бул дагы салыктык төлөмдөргө кирет. Эгерде ошол карыздар алынса, бюджетке киргизилсе, түздөн-түз ратификацияланса жана бюджеттин жакталган беренеси катары көрсөтүлсө, анда кирет”.

"Өнүгүүнүн үзүрүн эл текши көрбөй жатат"

Министрлер кабинетинин төрагасы Касымалиев Кыргызстан бул жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөнүн алдыңкы үч өлкөсүнүн бири болгонун белгиледи. 2025-жылдын бюджет мыйзамында 1 трлн 624,9 млрд сом деп бекитилген ички дүң продукциянын көлөмү январь-октябрь айларында 1 трлн 427 млн 359 млн сомдү түзгөн.

Жыл соңуна карай 1 трлн 779 млрд сомго жетери же максатталган көрсөткүчтөн 155,6 млрд сомго көп болору болжолдонууда.

Расмий жарыялангандай, он айда экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүү катталды. Март айында негизги капиталга инвестициялар менен курулуштагы көрсөткүчтөр кескин жогорулаган. Бирок, бул өсүүлөр жыл соңуна карай басаңдап барат.

Ооба, мамлекеттин казынасы толуп, айлык-маяналар, социалдык жөлөк пулдар, пенсиялар өсүп, ипотекалык турак жайлар, мектеп, бала бакчалар курулуп жатканын угуп-көрүп жатканыбыз менен, калк текши пайдасын көрүп жатат дегенди билдирбейт.

Экономиканын өсүшү калктын бардык эле катмарын бирдей жыргатат десек калпысыраак болуп калат. Адистер белгилегендей, эгерде социалдык коргоо саясаты адилетсиз болсо, экономиканын ылдам өсүшүнүн жакыр катмарга пайдасына караганда соккусу көбүрөөк болот.

Өзгөчө инфляция өсүп кеткен шартта мындай тобокелдиктер көбүрөөк. Маселен, соңку жылдары социалдык катмарлардын ортосундагы ажырым барган сайын чоңойгондон чоңоюп барат.

Жыл ортосуна карай 480 млрд сом акчалай кирешенин болгону 22,5 млрд сому калктын 20% колунда жок жакыр катмарынын, тең жарымы (240 млрд сом) эң бай 20% үлүшүнө тийген.

Статистикалык маалыматтар өлкөдөгү эң жакыр катмар менен эң байманалуу катмардын тапкан акчалай кирешесинин ортосундагы ажырым 10 эседен ашканын көрсөтүүдө. Түшүнүктүү болсун үчүн айтсак, бул көрсөткүч былтыр 7,4 эсе, беш жыл мурда 5,1 эсе болчу.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттүн экономикалык ийгиликтеринин үзүрүн калың эл текши көрбөй жатат деген пикирде.

“Макрокөрсөткүчтөр сонун эле. Аны биз мактансак болот. Бирок, мен дайыма эле айтып атам, бюджеттин өсүшүн эл сезсе сонун болот эле. Мисалы, ошол эле мектептерге барсак азыр дааратканалар начар абалда, аны окуучулар көрүп атышат. Ата-энелер дагы деле бала бакчаларды, мектептерди кошо каржылап атышат, үйдөн көчөгө чыксаң эле кичинекей жолдор талкаланган. Албетте, бүт баарын оңдогонго андай шарт жок. Бирок, ошону дагы эле сезиши керек. Ооба, бизде чоң инфратүзүмдүк объектилер курулуп атат – ошол эле аэропорт, ошол эле имараттар. Мен шайлоодо өтүп, элден дагы бир топ эле талаптарды уктум. Алар “эми бюджеттин өсүп атканы сонун эле, бирок биз дагы аны көрсөк жакшы болот эле” деп атышпайбы. Балдар аянтчасы курулбай эле, талкаланган, спорт аянтчасы жок, эс алуучу жай жок, иши кылып ушундай нааразылыктар бир топ эле айтылган. Бул жерде өкмөт унутпашы керек – макрокөрсөткүчтөр менен сөзсүз мактанышы керек, ошол эле акчаны чоң инфратүзүмдүк объектилерге эле эмес, кичинекей объектилерге дагы жумшашы керек”.

Улуттук банктын маалыматтарына таянсак, учурда Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,3% болуп турат. Жыл башында 6,3% болчу. Былтыр майдан бери 9% калыбында сакталып келген эсептик чен да инфляциянын өсүшүнөн улам 11% чейин көтөрүлгөн.

Бул баа менен тарифтер улам кымбаттап, насыялардын пайыздары өсүп баратканын билдирет.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG