Президент Жапаров министр Орозовду этиканы сактабаганы үчүн кызматтан алды

Бактияр Орозов

Президент Садыр Жапаров илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовду кызматтан алды. Мындай жарлыкка кол коюлганы 15-декабрда жарыяланды.

Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозовдун кызматтан алынышына анын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасын так сактабаганы негиз болгону жазылган. Бирок сөз министрдин кайсы аракети жөнүндө экени айтылган эмес.

"Азаттыктын" булактары Орозов алкоголдук ичимдик ичип алып унаа башкарганы үчүн ушундай чара көрүлгөнүн билдиришти.

39 жаштагы Орозов министрлик кызматка быйыл май айында дайындалган. Анын алдында юстиция министринин орун басары болуп эмгектенген. 2022-жылдын февраль-сентябрь айларында билим берүү министринин орун басары болуп турган.

Дагы караңыз

Украинада дрон соккусунан бир нече киши жараат алды, Орусиянын электр тармагы бутага алынды Иранда Нобелдин лауреаты Мохаммади "Израил менен кызматташкан" деп айыпталдыКара-Сууда бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды ИИМ жапырт башаламандыкка шектелип дагы бир киши кармалганын билдирди